Белгилүү төкмө акын Жеңишбек Жумкадыр «YouTube» каналынан өзүнүн расмий баракчасын ачты. Анда акын бүгүнкү коомчулуктагы адамзаттын жашоосунда кездешкен окуяларды баяндап, айтып бермекчи. Бул тууралуу анын видеолорун тартып, тасмага түшүргөн режиссер Сүйүн Откеев билдирди.

«Жеңишбек байкени көпчүлүк акын катары тааныйт. Бирок анын «юморист» экенин жанындагылар эле билбесе калың эл балким билбеши мүмкүн. Мындай сүйлөшүп отурганда убакыттын кантип өткөнүн билбей каласың. Ар кандай кызыктуу окуяларды, тамсилдерди айтып, күлдүрүп кыскасы кадимкидей эс ала түшөсүң. Буюрса бүгүндөн баштап Жеңишбек байкенин жакшынакай, кызыктуу маектерине силер да күбө болосуңар. Элден калбай ЮТУБ канал ачып, өлкөдө болуп жаткан актуалдуу окуяларды Жеңишбек байкенин ракурсунан берели деп атабыз»,-деди Откеев.

Акындын тасмалары «Медиастар продакшн» студиясынын техникалык колдоосу менен тартылып жатат. Ар 2-3 күндө 7-10 минуталык кыска бирок нуска көрсөтүүлөр чыгып турмакчы. Ар бир көрсөтүүнүн аягында сөзсүз комуз менен коштолот.

https://www.youtube.com/watch?time_continue=1&v=BU08qT94QFQ&feature=emb_title