АКШ президенти Дональд Трамп ядролук куралсыздануу боюнча Россия менен жүргүзүлүп жаткан өз ара сүйлөшүүлөрдүн айланасындагы кырдаалды өтө чоң эл аралык масштабдагы көйгөй деп атады.

Америкалык лидердин айтуусу боюнча Россия АКШ менен ядролук куралсыздануу жөнүндө макулдашууга абдан кызыктар, ошол себептүү эки өлкө азыр дал ошол маселеленин үстүндө иштеп жаткан чагы жана бул багытта өз ара сүйлөшүүлөр өтө жакшы нукта жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, 22-июнь күнү Россия менен АКШ стратегиялык сокку уруучу куралдардын санын кыскартуу тууралуу келишимди узартуу тууралуу өз ара сүйлөшүшкөн. Азыр анын үстүндө үч жумушчу топ иш алып барууда.