Бишкекте массалык иш-чараларга, үй-бүлөлүк майрамдарга тыюу салынганына карабастан, тойлор өтүп жатат. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Ленин райондук санитардык патрулдук инспекторлору коопсуздук эрежелерин бузгандарды кармашкан. Гагарин көчөсүндө “Алтынай” ресторанында той өттү. Мекеменин администрациясы Кыргыз Республикасынын Кодексинин 293-беренеси боюнча “Ыйгарым укуктуу органдын чечимин, буйругунун, талабынын аткарылышынын тартибин бузгандыгы” үчүн айыпка тартылды.

Мындан тышкары “Сары-Өзөн”, Guzel Grand Hall ресторандарынын администрациясына “куран окутуу” жана “Сары Челек” ресторанына “Кыз узатуу” өткөргөндүгү үчүн протоколдор түзүлдү.

Чүй проспектиси менен Исанов көчөсүнүн кесилишинде санитардык эрежелерди бузгандар көп. “Бир Эки”, “Лагман”, “Фрешбокс” тез тамак-аш соода түйүндөрүнө карата протоколдор түзүлдү. Бардык эреже бузгандар протоколдор менен макул болуп, айып пул салынды.

Санитардык рейддер улантылууда.