Тайланддын Пхукет шаарынын тургуну 30 метр тереңдиктеги кудука секирип, ал жерге кулаган уулун куткарып алды. Бул тууралуу The Phuket News басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, Мс Да аттуу аял үйүндө кир жууп жүргөн, бир убакта короосунда ойноп жүргөн 3 жашар уулу Сеонду издеп таппай калган.

Жаш бала көчөгө чыгып кудуку кирип кеткенин байкап калып, коомчулуктан жардам сураган. Куткаруучуларды чакырганы менен аларды күтпөстөн аял кудука секирип түшүп, 30 метр терең жерге чейин кирип барып уулун аман сактап калган. Бир убакта куткаруучулар жетип келип, арканды төмөн түшүрүп, эне менен баланы кудуктан чыгарышкан.

Тез жардам кызматы алгачкы медициналык жардамды көрсөтүп, алар жеңил жараат алышкан. Аялдын баласына көрсөткөн камкордугуна жериликтүүлөр ыраазычылыгын билдирип, кошунасы 2,3 миң акча берген.