Аялзатынан сурагым келип жатат. Бажамдын көзү өтүп кеткен, 5 маал намаз окучу эле. Балдызым да 5 маал намаз окуйт, оронуп жүрөт. 3 баласы бар.

Балдызым 33 гана жашта, али жапжаш. Менин да 3 балам бар. Жубайымдан ажырагандан бери көп жылдар өттү. Балдызымдын кыйналганы жүрөгүмдү оорутат, 3 баланы чоңойтуш да оңой болбосо керек.

Ошон үчүн балдызымды алып алсам кандай болот? Ойлонуп жүрөм. Балдызымды башка бирөө алса 3 баласы менен жашап кетиши кыйын го? Мен бир тууган жездеси катары, жат адам эмесмин, балдар да камыр-жумур болушуп, бири-бирин жакшы көрүшөт. Ошондуктан акыркы күндөрү катуу ойлонуп жүрөм…

Канат