Диетолог Джейн Кларк француз аялдарындагы арыктоонун сырын түшүндүрдү. Анын сөздөрүн Daily Mail жарыялады.

Кларк белгилегендей, француз аялдарынын келишимдүү көрүнүүсүнүн сыры, алардын тамактануу адаттары менен байланыштуу — алар чуркабай, шашпай жешет, бирок ар бир тамактан ырахат алышат. Тамак-ашты жай жегендиктен,  ашыкча салмак болбойт.

Диетолог,  тамакты узартууну жана ар бир тиштөөнүн ортосунда кыска тыным жасоону сунуштайт.

 “Эгер сиз шоколад жесеңиз да, андан ырахат алыңыз! Сиз канчалык көп жесеңиз, тамак бүткөндө ошончолук бактылуу болосуз»,-дейт.

 Дарыгер, жай жана атайылап тамактанууну адатка айландыруу, француз айымдары сыяктуу  келбетти көзөмөлдөп турууга жардам берет.