Белгилүү актриса жана психолог Ырыс Жоомартова адамзатка зарыл болгон балуу кеп-кеңеши менен бөлүштү. Эгер ушул кеп кеңештерди адам турумушунда колдоно билсе ийгилике жетет деп боолголойт актриса.

1. Өзүң каалаган нерседен акча аяба.
2. Күнөөлүү болсоң — аны дароо айт, өзүңдү актоого тырышпа.
3. Өмүрдө бир гана өзүңө ишен.
4. Бир нерсе керекпи? Сура.
5. Кездешкиң келеби? Кездешүүгө чакыр, ойлонуп жүрө бербей.
6. Түшүнүктүү болгуң келсе, түшүндүр.
7. Түшүнүксүз болсо — сура.
8. Акмактар менен аралашпа.
9. Бош сөздү сүйлөбө.
10. Курчаган аалам жакшы да, жаман да эмес. Сенин барың да, жогуң да ага баары бир.
11. Ар бир окуядан кубанычтуу таасир алууга тырыш.
12. Бүгүн өмүр сүр, кечээги күн кетти, эртеңки күн болбоо да мүмкүн.
13. Өмүрдөгү эң башкы нерсе махабат, калганы бекер сөз.
14. Телевизорго телмирбе.
15. Саясатка аралашпа, саясат сени мерез кылат.
16. Ар кимдин өз чындыгы бар, бирөөнүн чындыгы сеникине дал келбейт.
17. Убадага эмес, өзүңдүн ишенимиңе ишен.
18. Аялдар менен аралашсаң, чыдамдуу, кечиримдүү бол.
19. Бардык аялдарды аяп жүр, алардын өмүрү сеникинен кыйыныраак.
20. Көңүлүң ачылбай начар болгонун да кубан.
Эгер өлүп калсаң, ал да болбойт.
21. Бүгүнкү күн — өмүрүңдөгү эң сонун күн.
Күндө эрте менен ушул сөздү кайтала!