Бишкек шаарынын Чыгыш-5 кичи районундагы күндүзгү стационар убактылуу жабылды. Бул тууралуу Свердлов райондук администрациянан кабарлашты.
Жарандарга медициналык жардам көрсөтүүчү 150 орундуу жай Раатбек Санатбаев атындагы спорт комплексте уюштурулуп, 4-июлда ачылган болчу.
Маалым болгондой, аталган стационар ачылгандан бери 11 миң адам кайрылып, медициналык жардам жана кеңеш алышкан.