Өзгөн районунда үлпөт той учурунда асманга ок чыгарган 20 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 18-август күнү интернетке үйлпөт тойдо белгисиз жигиттин тапанчадан асманга бир жолу ок чыгарган видеосу тараган. Аталган факт боюнча топтолгон материалдар Өзгөн РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренесинин (Ээнбаштык) 2-бөлүгүнүн 2-пункту менен катталып, текшерүү иштери Өзгөн РИИБдин тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Анын жүрүшүндө Өзгөн районунун Мырза-Аке айылынын тургуну М.М. өзгөчө кырдаал учурунда той өткөрбөө жана көп элди чогултпоо жөнүндө оозеки эскертүүлөргө карабастан уулунун үлпөт тоюн уюштургандыгы аныкталган. Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында тапанчадан ок чыгарган жигиттин да өздүгү аныкталып, Алай районунун Жаӊы-Арык айылынын 20 жаштагы тургуну Э. уулу Ж. кармалган. Ал18-августта Өзгөн РИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилген.