Коом

Каныбек Туманбаев Кербен шаарында 200 орундуу заманбап бала бакча курдурду

Жеке ишкер Каныбек Туманбаев кичи мекени Кербен шаарында 200 орундуу заманбап бала бакча курду. Бул тууралуу Дайырбек Орунбек Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«200гө жакын орунга ылайыкташкан, заманбап бала бакча Кербен шаарында курулушу аяктап, жакында колдонууга берилет.

Муну эмнеге чыгарып жатам. Жакында, «беш жылда асманда айды алып берем, эл үчүн кызмат кылам» деген талапкерлер козу карындай жайнайт. Алардын жалындуу сөздөрүн угуп, көкүрөгүң жашып, көзүңө жаш тегеренип кетиши мүмкүн. 

Бирок, буга чейин элине кызмат кылдың беле деп сурап койгула. 

Бала бакчанынын курулушун толугу менен Каныбек Туманбаев каржылап, элине белек кылып жатат. Мындай курулуштары абдан көп, спорт зал, ФАП, көпүрө, жол, таза суу, айыл чарба техникалары, менин ж.б. Туманбаев элине берген салымдары абдан көп экен. Берешен уулдар көп болсун!»-деген ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button