Кийинки жума, 24-августтан тарта, Ысык-Көл менен Нарын облустарындагы электр энергиясына карызы бар абоненттердин жарыгын өчүрүү пландалууда. Бул туурасында «Чыгыш электр» ишканасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 1-августка карата дебитордук карыздардын суммасы Ысык-Көлдө 52,6 миллион, Нарын облусунда 46,7 миллион сомдон ашып, жалпы карыз 99,4 миллион сомго жеткен.

«COVID-19 пандемиясына байланыштуу март айынан тарта өкмөт тарабынан төлөмдөрдү аткарууну үч айга токтото туруу чечими кабыл алынган. Бүгүнкү күндө «Чыгыш электр» ишканасы дебитордук карыздардын кесепетинен каржылык чыгымга учуроодо. Бул күз-кыш мезгилдерине сапатсыз даярдык көрүүнүн негизги себеби болушу ыктымал. Андыктан электр энергиясы үчүн карыздарды кечиктирбей төлөп турушуңуздарды суранабыз», — деп кайрылды ишкана.

Төлөмдөрдү райондук электр станциясы, почта, терминалдар жана электрондук капчыктар аркылуу аткарууга болору эскертилди.