Улгайган адамдарда уйкунун так тартиби болушу керек — күнүнө сегиз сааттан кем эмес. Уйку узактыгы денени калыбына келтирүү үчүн оптималдуу экени аныкталды. Бул тууралуу кардиолог Владимир Хорошев Sputnik радиосуна берген маегинде билдирди.


«Эгерде улгайгандар аз уктаса, анда алардын денесинде ресурстук базаны калыбына келтирүүгө убакыт жок болот, бул бардык органдардын ишине таасир этет. Мээ, жүрөк, боор жана ашказан жабыркайт », — деп түшүндүрдү эксперт.

Ошол эле учурда, улгайган адамдар үчүн көп уктоо да коркунучтуу, акыл эс тутумуна терс таасирин тийгизет.