Көпчүлүк эртең менен ботко жешет.  Бирок, бул эртең мененки тамак үчүн жетишсиз. Адис  Елена Чигия эртең мененки тамактанууга арналган азыктардын тизмесин  атады.

Анын айтымында, ботко углеводдорго толгон, бирок анда башка элементтер жетишсиз. Эртең мененки тамак үчүн белокко жана клетчаткага бай тамак-аштарды жеген жакшы.

 «Эртең мененки тамак абдан пайдалуу, ал күнүмдүк рациондун 30 пайызын камтышы керек, ошондуктан ал шарттуу түрдө салат, жумуртка, ботко, сыр кошулган бутерброд жана  этти   камтышы керек «, — деди Чигия.

Диетолог боткону сүт менен бышырган жакшы деп эсептейт. Анткени дан өсүмдүктөрүндөгү белоктор жакшыраак сиңирилет. Ошондой эле гречка боткосун быштак менен бышырган да организмге пайдалуу экенин кошумчалады.