Кыргызстанда акыркы суткада 341 бейтап вирустан сакайып үйүнө чыкса, 134 кишинин вирусту жугузуп алганы аныкталды.
COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар (пневмонияны эсепке алганда) төмөнкүдөй:
- Бишкек — 120;
- Ош шаары — 42;
- Чүй облусу — 24;
- Ош облусу — 26;
- Талас облусу — 4;
- Нарын облусу — 5;
- Ысык-Көл облусу — 27;
- Жалал-Абад облусу — 64;
- Баткен облусу — 29.
Ал эми коронавирусту жуктуруп алгандар бул жакта катталды:
- Бишкек — 33;
- Ош — 3;
- Чүй облусу — 12;
- Ош облусу — 21;
- Талас облусу — 5;
- Нарын облусу — 8;
- Ысык-Көл облусу — 16;
- Жалал-Абад облусу — 27;
- Баткен облусу — 9.
Ушуну менен республика боюнча коронавирустан айыккандардын саны 36 397 киши болду. Жуктургандар жалпысынан 43 023кө жетти.