1) Терезе жана эшиктерди жылуулагыла. Жылуулуктун 30% айнек жана эшиктерден чыгып кетет, ал эми жылуулукту биз электр жылыткычтарды күйгүзүү менен калыбына келтиребиз.⠀

2) Батареялардагы, лампочкалардагы жана терезелердеги чаңды сүртүп тургулат. Алар жылуулукту жана жарыкты уурдап алат. Жыйынтыгында, биз электр энергиясына көбүрөөк төлөп калабыз.⠀

3) Салттуу жылыткычтардын ордуна жылытууга багытталган кондиционер колдонгула. Буга өндүрүүчүлөр жол берсе, албетте.⠀

4) Жылыткычтарды максималдуу түрдө үнөмдүүсүн тандагыла, жылыта турган имараттын аянтына дагы көңүл бөлгүлө. Эң жакшысы конвекторлор, эң жаманы – май менен иштеген жылыткычтар.⠀

5) Электр жабдууларды колдонбосоңор, аларды сууруп тургула. Иштеп жаткан сыналгы жана башка жабдуулар аздан босло дагы электр энергиясын ала берет. Бирок айдын аягында “аздан” делген көрсөткүч көп эле чыгып калышы мүмкүн.⠀

6) Батареяларды эмерек же башка нерселер менен жаппагыла. Мындайда сиз жылуулуктун 20% жоготосуңар.⠀

7) Кир жуучу машинени өтө ашыкча жүктөбөгүлө (бул учурда электр энергиясын колдонуу көрсөткүчү 10%га көбөйөт) орточо температуралык режимди тандагыла.⠀

8) Энерго үнөмдүү лампаларды колдонгула. Алар электр энергиясынын королушун гана азайтпастан, таштандыны дагы азайтат – лампочкаларды жок кылуу өтө кыйын, ал эми энерго үнөмдүү лампалар кадимкилерге караганда көбүрөөк кызмат кылат.