Социалдык тармактарда «Бишкекте түнкү убакта дары-дармек чачып жатат» деген маалыматты Республикалык штаб төгүнгө чыгарды.

«Урматтуу Кыргызстандын жарандары! Түнкү убакта дары чачып жүрүшөт деген WhatsApp аркылуу тарап жаткан аудио билдирүү чындыкка дал келбейт. Жарандардан такталбаган маалыматты жайылтпоону суранабыз!»,-дешет штабдан.

Белгилей кетсек, өзгөчө кырдаал министрлиги дезинфекциялык иш-чараларды жөө жүрүп же өрт эсептөөсүн тартуу менен жүргүзүшөт, жолдор жана имараттар дезинфекцияланат.