Косметолог жана дерматолог Айнура Сагынбаева өзүнүн «You tube» каналында жыныстык жашоо туралуу жаңы видеосун чыгарды. Анын айтымында, кыргыз коомчулугунда интимдик маданияттын жоктугунан айымдар жапа чегип жатканын билдирди.

«Врач катары жашырып, акырын шыбырашып жүргөн нерселер жөнүндө ачык айтып бердим.
Биздин менталитет боюнча үй-бүлөдө, жыныстык мамиледе аялды басынтуу норма болуп калганы өкүндүрөт. Биздин айымдар көбүнчө өзү үчүн эмес, бирөө үчүн жашап көнгөнбүз. Жада калса төшөктө дагы Бирок бирөө үчүн жашаган адам толугу менен бактылуу боло албайт. Андыктан кичинекей кезинен баштап жыныстык маданияты жөнүндө түшүнүк бериш керекбиз. Өзүбүздүн денебизден уялбай, эркек менен аялдын ортосундагы болгон эң маанилүү мамилени туура жүргүзүп, өзүн бактылуу сезген айымдарды тарбиялашыбыз керек»,-дейт Айнура айым.