Бүгүн, 28-августка карата Кыргызстандын аймагында коронавирус жана пневмониянын кесепетинен каза болгондор катталган жок. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде маалымат берди.

Кечээ, 27-августта да каза болгондор катталган эмес.

Бүгүнкүгө чейин өлкөдө коронавирус жуккандан кийин 1058 адам көз жумган (башка оорунун кесепетинен көз жумган адамдардын саны кошулган эмес).

Жалпысынан 43 миң 587 адамдан коронавирус жана пневмония аныкталса, анын ичинен 37 миң 726 киши айыкты.