Душанбе шаарынын Шохмансур райондук соту 14 жаштагы кызды зордуктаган 25 жаштагы кишини үч жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу “Озади” радиосу кабарлады.

Жабырлануучунун жакындары өкүм өтө жумшак экенине, жогорку инстанцияга арыздануу мүмкүнчүлүгү жоктугуна нааразы болушууда.

“Озоди” радиосунун соттогу өз булагы өкүм августтун башында чыкканын жана мыйзамдуу түрдө күчүнө киргенин билдирди.

14 жаштагы кыздын апасынын айтымында, кызы окуя болгон күнү үйдө жалгыз болгон. Жабырлануучунун апасы Душанбе мэриясын жана Башкы прокуратураны бул ишти кылдат иликтөөгө жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырды.

Тажикстанда зордуктоо, өзгөчө жашы жете электерге сексуалдык кордук көрсөтүү оор кылмыш болуп эсептелет. Бул үчүн жаза иретинде 2 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.