Дарыгерлердин айтымында, топурак жегиси келген адамдардын каны аз болуп, организмге темир жетишпейт. Бул өзгөчө айымдар жана жаш балдар арасында кездешет.

Бор жана топурак жегиси келгендерде С, D E витаминдери жетишсиз.  Боюнда бар, жана эмизип жаткан аялдардын 90 пайызында ушундай көрүнүш кездешет. Айрым учурларда даам иштетүү начарлагандан болот.

Топурак жана  бор  ашказан ичегилердин иштешин бузуп, ич катуу, бөйрөк, өттө таш пайда кылат.

Аталган заттарды жегенден  арылуу үчүн, адистер төмөндөгү азыктарды сунуштайт:

Бадам жана мисте.

Аталган азыктардын курамында  ден-соолукка пайдалуу, Витамин B3 ,B2 , B5 ,B4 Кальций Магний Натрий Калий Фосфор, жез жана темир  бар . Мындан тышкары, кургатылган жемиштер, уйдун тили, анар, кызылча, жашылча-жемиштер , жумуртка, кой, уйдун этин колдонууну кеңеш берет.