Диетолог Елена Соломатина эрте картаюуга алып келген азык-түлүктөрдүн атын атады. Анын айтымында, май кошулуп, тамак-аш азыктарынын кошулмасы бар азыктар, концерогендор рак илдетине кабылып калууга өбөлгө түзөт. Бул азыктар теринин бырыш түшүшүнө себепкер болуп, адамдын бат картайышына алып келет.

Андыктан адистер адамдар узак жана бекем ден соолукта жашоо образын кечирүү үчүн биринчи кезекте туура тамактанып, жашылча мөмө жемиштерди көп жеш керек. Экинчиден спорт менен машыгып, кыймылдуу жашоону тандап алганы оң.

Төмөнкү эрежелерди сактоо менен адам жаштыгын сактап жана кеч картаюну алдын алат. Ошондой эле минералдык суулар жана антиоксиданттар дагы жаштыкты сактоодо табылгыс азык болуп эсептелет.