Мындай пикирин Президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиого» берген маегин билдирди.

«Бизде да мектеп, жогорку окуу жайлар дагы деле оорунун жайылуу очогу катары кабыл алынууда.
Бала деген бала. Эрежени сактабай коюшу мүмкүн. Анын баарын мугалимдер карап тура албайт.

Сабактын ортосунда эс алууга чыгат, ойнойт, сүйлөшөт. Ошондуктан муну күчөтүп алышыбыз мүмкүн да.
Ошондуктан, Республикалык штаб баардык жагдайды анализдеп, ушундай чечимге келген, сунуштаган.
Мен да туура көрүп колдодум»,-деди президент.

Билим берүү министрлиги болсо, сунуштап жатат. Кырдаал жакшырса, абалды байкап турабыз. Абалды байкап, анан чечим кабыл алабыз.
Азырынча дистанттык тартип сакталат.
Биз деле реалдуу режимде балдарды окутууну каалап жатабыз. Ага эмне жетсин. Балдар биздин келечегибиз, мамлекеттин келечеги, аны түшүнүп турабыз. Жакшы билим алышы керек.
Мүмкүнчүлүк болоору менен, буйруса, мектептерди, жогорку окуу жайларды ачып, окууну баштоо үчүн аракет кылабыз.