Бишкектин Свердлов райондук административдик соту «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын даттануусу боюнча отурумду 9-сентябрга жылдырды. Мындай чечимди бүгүн, 7-сентябрда судья Эгембердиева кабыл алды.

Кийинки отурумга күбө катары БШКнын мүчөлөрү, кызматкерлери чакырылды. Ошондой эле партия судья талап кылган бир катар документтерди бериши керек.

  • БШК аталган партиянын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тартып, парламенттик шайлоого катышуу укугунан ажыраткан болчу. Мындай чечимден кийин партиянын өкүлдөрү сотко кайрылган.

Бүгүнкү отурумдун алдында соттун имаратынын жанына партиянын тарапташтары чогулду.