Кадамжай районунун Марказ, Майдан айылынын тургундары өз үйлөрүндө байланып турган малдарын белгисиз адамдар уурдап кеткендиги боюнча милицияга арыз менен кайрылышат. Бул арыздар Кадамжай РИИБнин КЖБРне Жазык кодексинин 200-беренеси (уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталат.

     Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматынан билдиргендей, Кадамжай РИИБнин криминалдык милиция  кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүшүп, Ноокат районунун 25 жаштагы, Майдан айыл аймагынын 25жаштагы жана Уч-Коргон айылынын 28жаштагы тургунун ар биринин базар баасы 60миң сомдук болгон 2 баш бодо малды Халмион базарындагы мал базарда сатып жаткан жеринен аныктап кармашкан.

     Тергөөнүн жүрүшүндө жалпысынан 5факт башкача айтканда 12баш мал уурдагандыгы, шектүү кармалган үч жаран тең  мурда соттолгону такталып, азыркы күндө убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат, ал эми уурдалган малдар өз ээлерине кайтарылып берилди.