Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына бир нече курулуш компаниялары кайрылып, жаран Д. Ибраев курулуш арматураларын ташуу шылтоосу менен өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражатын ээлеп алгандыгын билдиришкен.
Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын Лев Толстой көчөсүнүн №19 “А” дарегинде жайгашкан “Строймир” ЖЧКсынын башкы директору 1992-жылы туулган Данияр Ибраев, 2018-жылдын декабрь айынан 2019-жылга чейинки маалда курулуш арматураларын ташуу шылтоосу менен ишенимге кирип, 7 жабырлануучудан өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражатын алдоо жолу менен ээлеп алган. Материалдык чыгымдын жалпы суммасы 507 352 049 сомду түзөт.
Д. Ибраевге байланышкан жогорудагы 7 окуя Бишкек ШИИБде Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (Алдамчылык, өзгөчө ири өлчөмдө жасоо) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
2019-жылдын 24-декабрь күнү Д. Ибраев алдамчылык фактысын жасоого шектелип жаткандыгы жөнүндө сыртынан кабарланып, ошол эле күнү ага карата Свердлов райондук соту тарабынан сыртынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.
2019-жылдын 26-декабрь күнү эл аралык издөөгө, анын ичинен Интерпол багыты боюнча издөөгө алынган.
2020-жылдын 28-декабрь күнү Интерполдун билдирүүсүнө ылайык, Д.С. Ибраев Болгария Республикасынын София шаарында кармалган. Азыркы учурда издөөгө алган Кыргыз Республикасына экстрадициялоо процесси башталды.
Урматтуу жарандар! Д.С. Ибраевдин алдамчылык иш-аракетинен жабыр тарткандар араңыздарда бар болсо, Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүнүн “64 “а” дарегинде жайгашкан Бишкек ШИИББдин Тергөө кызматына кайрылууңуздарды суранабыз. Байланыш телефондору: нөөмөт бөлүгү-0312 437168; Тергөө кызматынын начальниги- 0312 68-12-68; тергөөчү-0550 102086.