Москвада Каширское шоссесиндеги соода борборунун жанында бир аял өлтүрүлдү. Бул тууралуу, РИА Новости жазды. Каза болгон аял мигрант экени айтылат.

Окуя 10-сентябрь, бейшемби күнү болжол менен таңкы саат 5:30 чамасында болгон. Күбөлөр эркек кишинин аялды сабап жаткандыгын байкап, полиция чакырышкан.


Полиция келгенде, аял каза болуп калган — ага бир нече жолу бычак сайылган. РФ ИК Москвадагы башкы кеңсесинин башчысынын улук жардамчысы Юлия Иванова тергөөчүлөр ал адамды кармашкандыгын билдирди. Кармалган  29 жаштагы жаран аялына кызганычтан улам бычак сайгандыгын мойнуна алган.


Кылмыш иши козголгон. РИА Новостиге укук коргоо органдарындагы булак билдиргендей, адам өлтүрүлгөндөн кийин полиция чакырып, күнөөсүн мойнуна алган. Булак жубайлар Өзбекстандын жарандары экендигин кошумчалаган.