Словенияда 22 жаштагы кыз, бир миллион евродон ашык суммадагы каражатты, камсыздандыруу компаниялардан алуу үчүн колун  араа менен кесип салган. Бул тууралуу ABC News жазды.

Юлия Адлесич аттуу кыз сол колун билегинен өйдө кесүүгө макул болуп, бул ишти, 2019-жылдын башында жигити менен жасаган. Ал бутактарды кыюуда жаракат алган деп, ооруканага жеткирилген. Ошол эле учурда, кыздын майыптыгын далилдөө үчүн кесилген колун өздөрү менен кошо алышкан эмес. Алар мурдагы жылы беш камсыздандыруу компаниясы менен келишим түзгөн.


Кыз камсыздандыруунун жарымын токтоосуз, ал эми калганын ай сайын алып турушу керек болчу. Бирок прокуратура окуядан бир нече күн мурун Юлиянын жигити Интернеттен жасалма колдор кандай иштээри жөнүндө маалымат издегенин, бул алардын атайын жасаганынын дагы бир далили болгонун билдирди. Сот отурумунда кыз эч качан билип туруп колун кеспей тургандыгын айтып, өзүнүн күнөөсүз экендигин билдирди.

«Эч ким майып болгусу келбейт. Мен 20 жашымда, жаштыгымдан  колумдан айрылдым. Кантип болгонун мен гана билем », — деди ал сот учурунда.


Сот Юлияны  алдамчылык аракетине күнөөлүү деп таап,  эки жылга, ал эми жигитин үч жылга эркинен ажыратты.