25-марттан тартып сентябрда 118 колл-борборуна өзүн-өзү диагностикалоо боюнча жана Үй-бүлөлүк медициналык борборлордун ишеним телефондору аркылуу келип түшкөн шаардыктардын чалууларынын негизинде мобилдик бригадалар 36 803 чакырууга барышкан, 554 бейтап ооруканага жаткырылган, 38 816 адамдан ПЦР-изилдөөгө мазоктор алынган.

Оорунун жайылышы күчөгөндө мобилдик бригадалардын саны ар бир аймактан 10дон, 40ка чейин жогорулаган. 14-сентябрга карата эпидемиологиялык абал бир аз турукташып, азыр 7 мобилдик бригада нөөмөттө иштеп жатат.