Кылмыш-кырсык

Видео — Кара-Кече көмүр кенинде тоо көчтү

Кара-Кече көмүр кенинде тоо көчтү. Көмүр кени жайгашкан Жумгал районунун акими Адыл Сапаровдун билдиришинче,  көчкү 14-сентябрь күнү, саат 12 чамасында түшкөн. Тоо кулап, Жумгал — Кара-Кече автожолунун бир чакырымдан ашуун жери бөгөлүп калды.

«Көчкөн тоонун көлөмү болжол менен миллион куб метрден ашуун. Учурда көчкү дагы эле түшүп жатат»,- деди аким.

Баштапкы маалыматтар боюнча көчкүдөн жапа чеккендер жок. Ушул тапта Жол оңдоо башкармалыгынын (ДЭУ) жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) атайын техника каражаттары жана адистери кырсыктын алдын алуу иштерин жүргүзүшүүдө.

Булак: Азаттык

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button