Бүгүн, 15-сентябрга карата Кыргызстандын аймагында дагы 2 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Экөө тең Баткен облусунда эмгектенет. Бүгүнкүгө карата өлкө аймагындагы эпидемиологиялык абал боюнча саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов маалымат берди.

Бир суткада ооруканадан 2 медкызматкер, үй карантинден 9 медкызматкер чыгарылган.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда COVID-19 диагнозу жалпы 3174 медицина кызматкеринен аныкталды. Алардын ичинен 2710 адам айыккан.