“Өмүрбек Суваналиев – өзү сындап жаткан президент Жээнбековдун жанында, Ак үйдүн жетинчи кабатында бир жарым жыл олтурду. Ушул убакыт ичинде Матраимовдорго каршы, криминалдарга каршы аракет кылганын, бир сөзүн уккан жокпуз. Ошолорго каршы күрөшүүнү, Матраимовдун кадрларын тазалоону өзү колго албайт беле? Барды, айлык алды, кетти. Эми азыр оппозициялык партияга барып алып, шайлоодо упай топтош үчүн президентти жамандап жатат”, — деп билдирди экс-акыйкатчы, укук коргоочу Турсунбек Акун “Азаттыкка”.

Анын белгилешинче, бул эки жүздүүлүк жана мамлекет башчыны каралоо. Суваналиев эптеп депутат болуш үчүн президентти да курмандыкка чалып кете бере турган популист экенин көрсөтүүдө. “Экинчи жагдай — «Азаттыктын» иликтөөсүнүн негизинде Райымбек Матраимовго чара көрүлүшүн мен да талап кылып келе жатам. Анын камалбай жатышына мен да нааразымын. Бирок Райымбек Матраимов азыр кызматта эмес, жумушсуз жүргөн адам. Ооба, акчасы көп экен, шайлоого баратат. Бирок президент ошол катардагы кишинин барымтасында калат деген сөз сандырактык, туура эмес. Бул жерде президент укук коргоо органдарынын ишине түздөн-түз кийлигишпейт да. Алар алты айлап иликтеди, эми алар аягына чыгарышы керек да. Президент «былтыйып эмне отурасыңар» дегенге чейин барды, дагы эмне кылышы керек? Матраимовду Жээнбеков камабайт да, тергөө органдары эгер кылмышы болсо далилдесин, ошолор камасын”, — деди Турсунбек Акун.