Эрте турган эркектин ырысы артык, эрте турган аялдын бир иши артык». Ушул сөздөрдүн ичинде терең маани жатат. Сиз билесизби, ийгиликтүү адамдар, окумуштуулар, миллионерлер бир эрежени колдонушат.

КҮН ЧЫГА ЭЛЕКТЕ ОЙГОНУУ.
Булардын көпчүлүгүнүн жумуш режими таңкы саат 5 те башталат.

Америкалык белгилүү оратор, мотиватор Хэл Элрод өзүнүн «Таңдын керемети» (Магия утра) китебинде өтө пайдалуу кеңештер менен бөлүшөт.
Хэл адаттагыдан 1 саат эрте турууну сунуштайт. 1 саат ичинде 6 тапшырманы аткаруу керек. Ал кандай тапшырма:

ЖЫМЖЫРТТЫК
Автор бул убакытта тынч абалда отуруп, дене бойду бошотуп, медитация жасоону ( мусулмандын көз карашында намаз окуп, Аллах менен байланышып, ага ыраазычылык айтууну) сунуштайт. Жымжырттык Сиздин күнүңүзгө бейпилдик, тактык жана айкындык алып келет. 5 мүнөт

АФФИРМАЦИЯ
Хэл аффирмация ( оң көз караштагы сөздөр, м: » Мен күчтүүмүн, менин ден-соолугум чың, мен ийгиликке жетем, ж. б. ) айтууну сунуштайт. 5 мүнөт

ВИЗУАЛИЗАЦИЯ
Кыялдануу, ишенүү, үмүттөнүү да бул дуба сыяктуу. Таң эрте болгону 5 мүнөт убактыңызды бөлүп, көзүңүздү жумуп алып, максатыңызга жеткен мүнөттөрдү ийне-жибине чейин элестетиңиз. Ал нерсени болуп жаткандай элестетүү керек. Бул иш-аракет максатты так коюп, позитивдүү ойлорду жана энергияны чакырууга жардам берет. 𝟱 мүнөт

ДЕНЕ КӨНҮГҮҮСУН ЖАСАНЫЗ. Эртең мененки конугуулор Сиздин энергияңызды көтөрүп, эмоционалдык абалыбызды тең салмактап, таасирдүү ой жүгүртүүнү, кунт коюуну күчтөндүрөт. 𝟮𝟬 мүнөт.

КИТЕП ОКУҢУЗ.
Хэл Элрод күнүнө эң аз дегенде 10 бет китеп окууга чакырат. Китеп, Сиз билбеген жаңы көрүнүштөрдү ачып, жаңы идея берет. 𝟮𝟬 мүнөт.

КҮНДӨЛҮК КОЛДОНУҢУЗ.

Уктаар алдында эртеңки күнгө план жазууну адатка айландырыңыз. Эрте менен толуктоочу же өзгөртүүчу жерлери болсо жазыңыз. Бул Сиздин күнүңүздун ийгиликтүү өтүшүнө жардам берет.