Коом

Аламүдүн суусуна 26 жаштагы кыз түшүп кеткен бойдон табылбай жатат

Өлкө боюнча сууга чөгүп кеткен эки адамды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 15-август күнү Чүй облусунун Аламүдүн районундагы «Теплые ключи» эс алуу жайында Аламүдүн суусуна 26 жаштагы кыз түшүп кеткен. Буга чейинки жүргүзүлгөн издөө иштери жыйынтык бере элек.

20-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнен жалпы 20 куткаруучу тартылды.

Мындан тышкары, 7-август күнү Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылында Чу дарыясына 7 жаштагы бала чөгүп кеткен. Буга чейинки издөө иштери натыйжа берген эмес.

20-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнин №42 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылды.

Бүгүн, 21-сентябрь күнү издөө иштери улантылат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button