Сүлүктү шаарынын мэри Р.Абдыназаров шаарда ички жолдорду асфальттоо иштеринин жүрүшү менен таанышып чыкты. Бул тууралуу, Сүлүктү шаардык мэриясынан  билдирди.

Аталган мекеме берген маалыматта, “Сүлүктү шаарындагы Товарная, П.Кулматов, Шахтерская, Бакыбек жана Р.Жолбаев көчөлөрүндө ички жолдордо асфальттоо иштери  аяктоо алдында турат.

Жолду оңдоого  Республикалык бюджеттен 10 млн 397 948 сом  каражат бөлүнгөн. Жолдор №13 жол-эксплуатация ишканасы (ДЭП №13) тарабынан тендер аркылуу ишке ашырылууда.

Стимгрант аркылуу каржыланган жалпы узундугу 540 метр болгон, жалпы суммасы 3 414 863 сом ( республикалык бюджет 2 896 523 жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен – 518 340 сомду түзгөн)

 Тендерде жеңүүчү ишкана-подрядчы – «Ак-Тилек» Акционердик коому. Белгилей кетчү нерсе — шаардагы ички жолдорду асфальттоо-ремонттоо иштери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана шаардык мэрия тарабынан ишке ашырылып, републикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып, тиешелүү процедуралар-макулдашуулардан өтүп, бүгүнкү күндө турмушка ашып жаткан проекттер болуп саналат»,-деп айтылат.