Нарында бир партиянын үгүтчүсүнүн сабалышы боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Нарын райондук ички иштер бөлүмүнө бүгүн, 22-сентябрда саат 12:00 чамасында 1995-жылы туулган А.А. аттуу жигит кайрылып, ушул күнү таңкы саат 06:00 чамасында Нарын районунун Алыш айылында М. аттуу таанышы жана анын достору тарабынан токмок жегенин билдирген.

Алдын ала иликтөөнүн жүрүшүндө А.А. менен М. тойдо конокто болушкан. Болжол менен таңкы саат 05:00 чамасында экөөнүн ортосунда чыр чыгып, уруша кетишкен. Жарым саат өткөндөн кийин М. өзүнүн достору менен келген. Ошол учурда мушташ чыгып, А.А. ооруканага жеткирилген.

Азыркы учурда окуянын чоо-жайы такталып жатат. А.А. бир партиянын, ал эми М. башка партиянын үгүтчүсү. Экөө мурда бир партияда иштеп келишкен.

Аталган факт Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жатат.