Коом

Баткен облусундагы ИИОнун кызматкерлери сыйланды

Баткен облусундагы ИИОнун кызматкерлери сыйланды.  Бул тууралу, Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматынан билдирди.

Бүгүн Баткен шаарында облус аймагындагы жер-жерлерде кызмат өтөп жаткан кызматкерлерге  ИИМнин медалдары жана кезектеги наамдары тапшырылды. Бул иш-чарага Баткен ОИИБнын өздүк курамы жана ИИМнин атайын багыттагы полкунун Баткен облусундагы ротасынын күжүрмөн кызматкерлери, ошондой эле облус аймагындагы район шаардык ички иштер бөлүмүнүн сыйлана турган кызматкерлери катышты.

Баткен ОИИБнын начальниги, милициянын полковниги Акылбек Мамасейитов алгачкы 9 наам жана кезектеги 15 наам алган кызматкерлерге наамдарын, ал эми ички иштер органдарында көп жылдан бери үзүрлүү жана кынтыксыз, ошондой эле ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөгөн 50 кызматкерге ИИМ тарабынан “Азамат”, “Кыргыз милициясына 95 жыл” медалдарын салтанаттуу тапшырды. “Ар бир татыктуу иштеген кызматкерлерге сыйлыктар өз учурунда тапшырылат. Ал эми биздин милдет – жарандардын коопсуздугун сактоо” деп кызматкерлерди алган сыйлыктары менен куттуктап кетти.

Ошондой эле Баткен ОИИБнын милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын бөлүмчө командири милициянын старшинасы Дыйканбаев Өмүр Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Бороновдун Алкыш баракчасы менен сыйланды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button