Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Франциянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Микаэль Ру менен анын дипломатиялык миссиясынын аякталышы тууралуу видеоконференция форматында жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдирди.

Маектешүүнүн жүрүшүндө тараптар акыркы жылдардагы Кыргыз-Француз кызматташуусунун өнүгүшүнүн оң жактарына токтолушту.

«Aеroports de Paris» жана «TAV Airports» Париж аэропортторунун эл аралык операторлору «Манас» жана «Ош» аэропортторун реконструкциялоо боюнча долбоорлорго катышууга даяр. «GE Hydro France» компаниясы буга чейин эле Ат-Башы жана Токтогул ГЭСтерин реконструкциялоо жана калыбына келтирүү боюнча долбоорлорду ишке ашырып жатат. «Flowbird» компаниясы паркинг системдерди эсептегичтерди орнотуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууну пландаштырууда, «EGIS» компаниясы Ош-Баткен-Исфана автоунаа жолдорун реконструкциялоо долбоорун ишке ашырды, бир катар башка инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу күтүлүүдө. Ушул жылы Бишкек шаарында «Novotel» франциялык мейманкана тармагын ачуу пландалууда. Тараптар эл аралык уюмдардын алкагында маданий-гуманитардык кызматташуунун жана өз ара аракеттенүүнүн ийгиликтүү өнүгүшүн канааттануу менен белгилешти», — деп жазылат маалыматта. Министр Чыңгыз Айдарбеков жемиштүү эмгеги үчүн Микаэль Руга ыраазычылык билдирди жана дипломатиялык ишине жаңы ийгиликтерди каалап, Тышкы иштер министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйлады.