Шайлоо алдында «Бир Бол» партиясынын лидери кесиптеши Динара Исаевага барып, (мурдагы экс премьер министр Данияр Үсөнов, азыр Бакиевдердин жанында Белорусияда баш калкалап жүргөн качкын Данил Урицкийдин жубайы жана анын бизнестеги негизи өнөктөшү) бир партия менен чыгуу сунушун киргизет.

Парламенттик шайлоо алдында алдыңкы жыйырмалыкка партиялык тизмеге жалаң жаштарды киргизип, Динара Исаеваны жыйырма биринчи орунга коюп, бирок ага мандат убада кылуу менен миллион доллар сураган. Негизги максат Минскидеги Бакиевдерден шайлоо алдында акча өндүрүү болгон.

Бул боюнча Динара Исаева Минскидеги Данияр Үсөнов (Данил Урицкий) менен кеңешип, ал Алтынбек Сулаймановдун сунушун четке кагат. Бакиевдерге кантип чыгуунун амалын издеген Алтынбек Сулайманов айласыз анан Марат Бакиевдин кызын өз командасына кошуп, партиянын секретариатына жумушка алып, Минскиден 500 мин доллар колдоо алды.

Азыр «Таза бололу, бир бололу, тазаланалы» деген банерлердин жана рекламалык роликтердин, ошондой эле «кака-кука, кикилердин» вайндары дал ушул Бакиевдердин акчасына тартылып жатат.