Италиялык окумуштуулар ири жер астындагы көлдүн жанынан туздуу суу объектилеринин тармагы табылгандыгын билдиришти. Бул тууралуу Nature Astronomy журналына жарыяланган макалада айтылат.

Изилдөөчүлөр Европа Космос агенттигинин Марс Экспресс орбитадагы радар иликтөөсүнүн маалыматтарын анализдешти. Көл болжол менен 20-30 чакырым аралыкта өтүп, Марстын Түштүк уюлунун муз каптаган бетинен 1,5 чакырым төмөн жайгашкан. Көлдүн айланасында суунун негизги агымына туташпаган, ар кандай көлөмдөгү үч кичинекей көлмө аныкталды.


Суунун болушу Марста же анын бетинен ылдый жакта микробдордун жашоосун жогорулатат. Туздун жогорку концентрациясы сууну тоңуп калуудан сактайт. Төрт миллиард жыл мурун Марс жылуу жана нымдуу болгон, бирок магнит талаасынын жоголушунан улам чөлдүү дүйнөгө айланган деп эсептелет. Түштүк уюлдагы жердин температурасы минус 113 градус жылуу деп болжолдонуп, тереңдеген сайын акырындап жылый баштайт.