Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун аймактарга болгон иш сапары Жалал- Абад облусуна караштуу Чаткал районунда уланып жатат. Анда аталган райондун Жаңы- Базар айылындагы “Ыдырыс пайгамбардын” күмбөзү жана Таалайбек Бектурганов атындагы Маданият үйүнүн абалы менен таанышты.

“Ыдырыс пайгамбардын” күмбөзү тууралуу:Таанышуу учурунда министр Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана тургундар менен сүйлөшүп, “Идрис пайгамбардын” күмбөзүнүн аймагын сактап калуу, мыйзам чегинде коргоо жана аталган аймактын туризм тармагын өнүктүрүүгө кошо турган маселелерин талкуулады.

Сүйлөшүү учурунда алыскы бийик тоолуу Чаткал районунда жайгашкан республикалык маанидеги эстеликтердин жер тилкелерин тарыхый-маданий багытында пайдалануу үчүн тиешелүү чечимдерди кабыл алып, мамлекеттик акты иш- кагаздарын даярдоо келишимине келишти.

“Ыдырыс Пайгамбардын” күмбөзү Жалал-Абад облусунун, Чаткал районуна караштуу Жаңы — Базар айылында жайгашкан. «Ыйыктардын» баардык күмбөздөрүндөй эле, “Идрис Пайгамбардын” күмбөзү жана анын жанында турган “Батма — Зуура” күмбөздөрү Фергана өрөөнүнүн калкынын жана зыяратчылардын жыл бою сыйынуучу объектиси болуп саналат. Бүгүнкү күндө Министрлик, Өзбекстан Республикасы, Тажикстан Республикасы жана Казакстан Республикасы менен биргелдикте ЮНЕСКОнун Бүткүл Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү үчүн «Жибек Жолу: Фергана Сырдария Коридору» сериялык трансулуттук номинациясын даярдоо боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

Таалайбек Бектурганов атындагы Маданият үйү жөнүндө: Т. Бектурганов атындагы айылдык маданият үйү 1970 – жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Маданият үйү жалпы 2195 орундуу. Учурда маданият үйүндө 3 кызматкер иштейт. Жергиликтүү бийликтин эсебинен 1 млн.152 мин 800 сомго толук капиталдык ремонттон өткөн.

Эске салсак, Чаткал району боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдагы токтомду менен бекитилген 11 республикалык маанидеги эстелик бар.

Алардын арасынан Чаткал өрөөнү боюнча 2 объектти ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине Улуу Жибек жолунун боюндагы «Фергана-Сырдарья коридору» аталышындагы эл аралык номинацияга киргизүү үчүн керектүү иш- кагаздарды даярдоо боюнча иштер жүрүп жатат. Алар XI-XII кылымдардагы “Ыдырыс пайгамбардын” күмбөзү жана “Күлбөсхан” археологиялык эстелиги.