Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун иш сапары Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда уланып жатат. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Анда ал “Шах Фазиль” мамлекттик тарыхый-маданий корук-музейинде болуп, оңдоп- түзөө жана реставрациялык иштер менен жеринде таанышып чыкты. Иш сапардын алкагында корук музейдин аймагында жайгашкан эстеликтерде келечекте боло турган реставрациялык иштердин планы жана корук-музейдин жер тилкелерин “Шах Фазиль” мамлекттик тарыхый-маданий корук-музейинин балансына өткөрүп берүү маселелери талкууланды.

Талкуу учурунда министр тез аранын ичинде 2017-жылы бекитилген коргоо чөлкөмүнө ылайык, музейге тиешелүү жалпы аянты 8,62 га жер тилкесин тарыхый-маданий мурас багытында пайдалануу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин чыгаруу жана мамлекеттик актысын алуу тапшырмасы берди.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы №811 токтомуна ылайык, «Шах — Фазил» Мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругу болуп түзүлгөн. Музей-коруктун аймагынын коопсуздугун жана натыйжалуу башкарылышын камсыз кылуу максатында коргоо зоналары 2017-жылы иштелип чыгып, бекитилген.»Шах-Фазил» Мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругунун аймагында тарыхка жана маданиятка бай уникалдуу “Шах-Фазил” күмбөзү, “Сафид-Булан” күмбөзү, Ислам дининин 2700 жоокеринин (шахидинин) күмбөзү, “Ходжа Аламдар” күмбөзү “Кыргын” мечити, “Шахиддердин мүрзөсү”, “Мазар” конушу (VIII-XII кылымдар), Жарак-Тепе дөбөсү, XIX кылымдагы мечит, «Ыйык Таш», Көлмө, V-XVIII кылымдарга чейинки маданий катмар орун алган.

Бул эстеликтерди Борбордук Азиянын, анын ичинде Фергана өрөөнүнүн калкы урматташат, ошондой эле диний зыярат кылуучу жер болуп эсептелинет. Эң баалуу архитектуралык эстелик — Шах Фазил күмбөзүнүн архитектуралык мурасынын шедеври (XI кылым), ал оюп жасалган уникалдуу архитектуралык декорду түзөт. Эске салсак, аталган мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругунун аймагында жайгашкан “Шах-Фазил” жана “Сафид-Булан” күмбөзүндө 2015-жылдан бери оңдоо жана калыбына келтирүү иштери республикалык бюджеттин жана демөөрчүлөрдүн эсебинен жүргүзүлүп жатат. Бул объект ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастарды киргизүү боюнча болжолдуу тизмесине кирген.