Бүгүн, 4-октябрда Өмүрбек Текебаев үй-бүлөсү менен бирге өзүнүн шайлоо участогуна добуш берүүгө келген. Бирок, шайлоо участогунда ал паспортун унутуп калганы белгилүү болду. Ал документти үчүн уулун үйүнө жиберди.

Белгилей кетсек, Текебаев 2016-жылдын 11-декабрында жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум учурунда паспортун унутуп койгон.

«Көрсө, паспортумду унутуп калыптырмын, бир сааттын ичинде алып келем»,- деди Өмүрбек Текебаев.