КР Маданият маалымат министрлигине “Чоң-Казат” партиясынан депутаттыкка талапкерлигин койгон Курмангазы Азыкбаев элдик министрмин деп тарапташтары менен барып кабинетти ээлеп алганын министрликтин өкүлдөрү билдиришти.

Бүгүн эртең менен ал учурдагы баш аламандыктан пайдаланып  Маданият жана маалымат министрлигине  тарапташтары менен келгени айтылат.

Ал телевидениелерге маек берип, министрлик кызматка келгенин жар салганы айтылууда.

Бирок, аны кайсы Өкмөт кызматка койгону белгисиз.

Курмангазы Азыкбаевдин “элдик министрмин”  деп келгени коомчулуктун терс пикирин жаратууда.

Өмүр баяны


Азыкбаев Курмангазы Айлчиевич 1962-жылы Нарын районунун Баетово айылында туулган. Курмангазы Азыкбаев «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти» жана «Кыргыз Республикасынын Эл артисти» наамдарын алып жүрөт.

1986 — М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайын аяктаган;

1991 — Б.Бейшеналива атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун аяктаган;

Эмгек ишмердүүлүгү:

1988 — 1991 — А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук опера жана балет театрынын оркестр студенти;

1990 — «Агым» вокалдык-эстрадалык тобун негиздеген;

1991 — Энесай тобун негиздеген;

1991-жылдан ушул убакка чейин концерттик иш-аракеттер менен алектенет;

1992 — К.Орозов атындагы Эл аспаптар оркестринин мүчөсү;

2012 — Алматы шаарында «Арка — Сыры» фольклордук-эстрадалык тобун негиздеген.