Бул тууралуу журналист Бактыяр Тукеев Фейсбуктагы баракчасына жазды.
«КТРКнын башкы директору Жайнак Үсөн уулу өз каалоосу менен кызматтан кетти.
Арызын жазып, байкоочу кеңешке тапшырды.”-деди ал.
Эске салсак, ал 2019-жылы 6-мартта Коомдук Телерадио корпорациясынын (КТРК) башкы директору болуп шайланган.