Премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп Садыр Жапаров дайындалды. Бул маалымат «Достук» мейманканасында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезексиз сессиясында айтылды.

Жаңы эле парламентке төрага болгон Мыктыбек Абдылдаев Жапаров сот тарабынан акталганын билдирип, аны кызматка отурушу менен куттуктады.

Жыйынга келген 62 депутат Садыр Жапаровду бир добуштан колдоп беришти. 

Буга чейин Кубатбек Боронов кызматын тапшырганы маалымдалган.