Өткөн түнү митингчилер Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан брокердик компаниянын терезелерин сындырышты.

Шаардагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча Бишкек координациялык кеңешинин маалыматына ылайык, борбор калаада эртең мененке чейин абал турукташкан.

«Көчөлөрдү кайтарууга жана Бишкекти мародерлордон коргоого чыккан демилгечи топтордун, жарандык активисттердин, жаштар уюмдарынын жана ыктыярчылардын жардамы менен абал тынч», — дешти алар.

Ошону менен катар, түнкүсүн саат 1 лерде 200дөй жаран резиденцияны көздөй бет алган, аларды Чыңгыз Айтматов кең көчөсү менен түштүк магистраль көчөлөрүнүн кесилишинен аларды элдик кошуун тосуп алды. Элдик кошуун топ элди резиденцияга өткөрбөй коюшкан. Саат 3төрдө топтошкон балдар «Нават» чайханасын талкалоого аракет кылышты.аларды  элдик кошуун VEFA соода борбору менен «Нават» кафесине чабуул жасагандарды артка кайтарган.