Бишкекте Өкмөт үйүнүн алдына Садыр Жапаровдун премьер-министр болушуна жана бийликке кайрадан эски саясатчылардын келишине каршы болгон топ митингге чыкты.


Андагылар «Эскилерге жол жок!», «Люстрация кылыш керек!» деген плакаттарды даярдап жатканын көрүүгө болот.

Чогулгандар кайра эле бийликке эскилер келгени жатканын айтышууда. Арасында элди мыйзамды сактоого, ынтымакка чакырып жаткандар дагы бар.

Митинг өтүп жаткан жерде элден бир аз обочолонуп милиция кызматкерлеринин турганын көрүүгө болот.

Эске салсак, өткөн түнү Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйында Садыр Жапаровдун талапкерлигин жактырган.