5-октябрь түнү  митингде каза  болгон Алтынбек уулу Үмүтбектин   сөөгү кичи мекени Лейлек районуна жөнөтүлдү.  Бул тууралуу  «Кадам медиа» маалымат порталына маркумдун жакындары билдирди.

Бишкектеги Улуттук госпиталдын дарыгерлеринин айтымында  маркумдун эки бутун жардыргыч зат жулуп кеткен.

Маркум Лейлек районунун Кара-Булак айылында  2001-жылы 15-июнда туулган. Бир үй-бүлөнүн жалгыз баласы болгон.

 Саламаттык сактоо министрлигинин берген маалыматы боюнча Ала-Тоо аянтындагы митинг учурунда башынан оор жаракат алган бир адам каза болгон.

Жалпы 590 киши ар түрдүү жараат менен медициналык жардам алып, 439уна биринчи медициналык жардам берилди. 150 киши ар түрдүү жараат менен ооруканага жатып, 13 киши оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатканы айтылган.