Саясат

Э.Сурабалдиева: Эркектер башкара албаса, мына кыз башым менен мен башкарып берем!

Мындай оюн учурда  аянтта өтүп жаткан  митингде «Ата Мекен» партиясынын талапкери, Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева билдирди.  Ал  чогулгандарды ынтымакка чакырды:

«Азыр бул жерде 15 партиянын мүчөлөрү турат. Ар бириңер бөлүнө берсеңер, ыдырап кетебиз. Бийликке ушул керек. Биз бул жакта турсак, тиги жакта эркектер бийлик талашып атышат. Эркектер башкара албаса, мына кыз башым менен мен башкарып берем!», — деди Сурабалдиева.

«Ата Мекен» партиясынын дагы бир талапкери Тилек Токтогазиев «учурдан эски саясатчылар пайдаланып, бийликти колуна алууга аракет кылып жатышат» деп, эски саясатчыларды митингге да жолотпоого чакырды. Ушул тапта Бишкектин Ала-Тоо аянтында Садыр Жапаровдун өкмөт башчылыкка сунушталышына каршы митинг өтүп жатат.

Митингдин жүрүшүндө бир катар партиялардын өкүлдөрү микрофон талашып, пикир келишпестик чыкты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button