Бүгүн, 9-октябрда Ош, Ысык-Көл, Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында жаан жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт, тоо этектеринде жана тоолуу аймактарында кар жаашы ыктымал, деп маалымдайт Кыргызгидромет.
Абанын күндүзгү температурасы:
Чүй облусунда +8…+13
Талас облусунда +8…+13
Баткен облусунда +12…+17
Ош, Жалал-Абад облустарында +12…+17
Ысык-Көл облусунда +8…+13
Нарын облусунда +8…+13
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүбөйт. Абанын температурасы +11…+13 градус болот.
Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы +10…+12 градуска жетет.